РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги N 311 «Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара товар жүгүртүүнүн логистикасы маселелерин изилдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча жол картасынын долбоорун даярдоо боюнча эксперттик жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу» тескемеси

Редакцияот 26.04.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 26-апрели № 311

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара товар жүгүртүүнүн логистикасы маселелерин изилдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча жол картасынын долбоорун даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара товар жүгүртүүнүн логистикасы маселелерин изилдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча жол картасынын долбоорун даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары.