Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 210 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-апрели № 310
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
- 3-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Торобаев";
2) аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары ишин тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмесинде:
- 3-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Торобаев".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |