Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-майы № 261-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 261-т тескемеси менен жактырылды |
2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууну 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жана 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин жоболоруна, ошондой эле аларда колдонулган терминдерге жана аппараттык түшүнүктөргө шайкеш келтирүү максатында даярдалды.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 75 буйругу менен Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин "2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору тууралуу" буйругунун долбоору жактырылган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 22 буйругу менен 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жактырылган жана ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
Протоколдун долбоору мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 350-б буйругу менен жактырылган.
Протокол Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.
Ушул Протоколду ишке ашыруу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.