Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-апрели № 227-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-февралындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун бешинчи, жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Координациялык кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын финансы министри саналат.";
- 10-пунктундагы ", бирок жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| ||
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
"Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
"Мамлекеттик камсыздоо уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".