Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 231-т «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин»Чолпон-Ата шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо«долбоору жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-апрели № 231-т
2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдыя 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министтрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда түзсүн:
- кредиттин суммасы - 1 000 000 (бир миллион) евро;
кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - ар бир траншты алууда Европа инвестициялык банкынын кредит шарттарына окшош;
мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып бул карызды толук төлөгөн күнгө чейин төлөө кечиктирилген учурда, айыптык санкциялар колдонулуучу пайыздык ставка +2 жылдык пайыз өлчөмүндө;
күрөөлүк камсыздоо - кредиттин эсебинен сатып алынган жабдуу жана башка мүлк түрүндө;
кредиттин негизги суммасы жана пайыздары Кредиттик келишимдин 2.03-пунктуна ылайык Европа инвестициялык банкы тарабынан кредиттик каражаттар которулгандан кийин 10 күндүн ичинде берилген төлөө графигине ылайык төлөнөт. Зайымчы бул Сукредиттик келишим боюнча учурдагы бардык финансылык милдеттенмелерди аткарган учурда мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет.
2. Түзүлгөн Субкредиттик макулдашуу боюнча мөонөтүнөн өтүп кеткен карыз пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемеде каралган мөөнөтү өтүп кеткен карыздын бардык суммасын, анын ичинде негизги сумманы, эсептелген пайыздарды, туумдарды жана финансы санкцияларын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жактыруусусуз жана макулдугусуз Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын бардык эсептеринен акцептсиз (талашсыз) тартипте алууга укуктуу деп белгиленсин.
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясына бөлүнгөн кредиттик каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу жана Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.О.Кожошев |