Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-апрели № 219-т
Флагштоктун айланасындагы аймакты комплекстүү өздөштүрүү, ошондой эле айрым маданий комплекстерди которуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын алдындагы Фрунзе токой чарбасынын карамагында турган жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Боз-Бөлтөк капчыгайында жайгашкан жалпы участоктун аянты 40,0 га болгон флагштоктун айланасындагы жер участогун өзүнчө бирдикке бөлсүн;
- аянты 40,0 га болгон бөлүнгөн жер участогун инвестицияларды тартуу менен комплекстүү өздөштүрүү жана айрым маданий комплекстерди уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун мамлекеттик каттоо органдарында тариздөөнү жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |