Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 24-майы № 274-т
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги,
тең укуктуулук жана өз ара пайда принциптеринде айыл чарба жаатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп,
айыл чарба жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана өркүндөтүү ниетин ырастоо менен,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда тарыхый түзүлгөн экономикалык байланыштарды эске алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Тараптар ушул Меморандумга жана өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык айыл чарба жаатында кызматташууну жүзөгө ашырат.
2-берене
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин билдирет:
- өсүмдүк өстүрүү, аңын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү;
- органикалык жана ресурсту үнөмдөөчү айыл чарбасы;
- мал чарбасы, анын ичинде асыл тукум мал чарбасы;
- ветеринария;
- агроөнөр жай өндүрүшүн механизациялоо жана автоматташтыруу;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу;
- агроөнөр жай комплексинде чарба жүргүзүү методдорун өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- экономика жана агрардык саясат, айыл чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатындагы соода операцияларын жүзөгө ашырууда экономикалык өз ара пайдалуу мамилелер;
- агрардык илим, айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын жетекчилерин жана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташуу.
3-берене
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташууну төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашыруу ниетин билдирди:
- адис алмашуу, стажировкаларды уюштуруу жана айыл чарба адистерин окутуу;
- агрардык илим жаатындагы биргелешкен изилдөөлөр, анын ичинде агроөнөр жай өндүрүшүнүн алдыңкы методдорун жана технологияларын алмашуу;
- айыл чарба жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн уюштуруу;
- айыл чарба жаатындагы укуктук ченемдер, илимий жана экономикалык иш-чаралар тууралуу маалымат алмашуу.
4-берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо максатында Тараптар жумушчу топ түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жумушчу топтун жолугушуулары Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өткөрүлөт.
Аталган жолугушуулардын форматын, ордун, датасын жана темасын Тараптар кошумча макулдашат.
5-берене
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча тартат.
6-берене
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечет.
7-берене
Бул меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8-берене
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жыл ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын эч кимиси кезектеги үч жылдык мөөнөт аяктаганга чейин үч айдан кеч эмес дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки үч жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылып турат.
202_____-жылдын "_____"________________ шаарында, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
| Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
_________________________________________ |
| _________________________________________ |