Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 26-майы № 282-т
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2022-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун 6-пунктчасындагы "2022-жылдын 1-майынан" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунун 1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "2022-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартибинде:
- 8-пунктунун 1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу;".
2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А. У. Жапаров |