Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-майы № 280-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну жана Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 280-т тескемеси менен жактырылган |
2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2006-жылдын 24-ноябрында кол коюлган. Макулдашуунун катышуучуларынан болуп КМШга катышуучу жети мамлекет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Украина эсептелет.
2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго (мындан ары - Протокол) 2017-жылдын 3-ноябрында кол коюлган. Протоколдун катышуучуларынан болуп КМШга катышуучу алты мамлекет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы эсептелет.
Макулдашуу 2003-жылдын 18-сентябрындагы Эл аралык автомобилде жүк ташуу жаатындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну жана 2004-жылдын 15-сентябрындагы КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын Кеңешинин чечими менен бекитилген 2010-жылга чейинки мезгилде КМШга катышуучу мамлекеттердин макулдашылган транспорттук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Макулдашуу жана Протокол КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган. Эл аралык автомобилдик ташуучуларды кошумча окутуу чөйрөсүндөгү ишти шайкеш келтирүү эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ата мекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет жана Кыргыз Республикасынын жалпы транспорттук мейкиндикке интеграцияланышына көмөктөшүүчү оң факторлордун бири болуп калат.
Макулдашууда эл аралык автомобилдик ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүнө кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу КМШга катышуучу мамлекеттердин окуу уюмдарынын тизмесин аныктоонун тартиби каралууда, анда окуу уюмдарынын билим берүү ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрүн ырастоо жол-жоболору каралган.
Макулдашуу тараптардын автомобилдик транспорт жаатындагы компетенттүү органдары тарабынан тааныла турган кесиптик компетенттүүлүк жөнүндө күбөлүктү берүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында компетенттүү органдар тарабынан кесиптик компетенттүүлүк жөнүндө күбөлүктү берүүнүн жол-жобосу каралган эмес. Кесиптик компетенттүүлүк жөнүндө күбөлүктү Макулдашууга катышуучу мамлекеттер тарабынан таануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.
Протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 510-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу жана Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Макулдашууга жана Протоколго кошулуусу кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.