Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-майы № 281-т
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо жана жаңы этно-маданий объекттерди куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы Бишкек ш., Ч.Айтматов проспекти дарегинде жайгашкан "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эскилиги жеткен объекттерди бузуу жана жаңы объекттерди куруу менен "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо жана объекттерди бузуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги объекттерди реконструкциялоо жана бузуу боюнча дефекттик актыларды жана сметалык документтерди түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |