Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-майы № 294-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын карамагындагы "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | |||||
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 12746008 | 4387049 | 7 | 12747812 | 4387241 |
2 | 12747495 | 4387840 | 8 | 12746014 | 4386281 |
3 | 12747580 | 4387681 | 9 | 12746009 | 4386840 |
4 | 12746500 | 4387082 | 10 | 12746434 | 4387010 |
5 | 12746596 | 4386791 | 11 | 12746402 | 4387137 |
6 | 12747724 | 4387407 | 12 | 12746008 | 4386980 |
Аянты 82,03 га | |||||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензияны берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |