Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 16-майы № 251-т
2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга 2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган № 1 кошумча макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 323-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун 2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы "20-майы жана 20-июну", "2034-жылдын 20-ноябры" деген сөздөр тиешелүү түрдө "20-ноябры", "2034-жылдын 20-майы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Түзүлгөн субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кербен шаарынын мэриясынын бардык эсептеринен ушул тескеме менен каралган мөөнөтү өткөн карыздын бардык суммаларын, анын ичинде негизги сумманы, эсептелген пайыздарды, туумдарды жана финансылык санкцияларды Кербен шаарынын мэриясынын жактыруусуз же макулдугусуз акцептсиз (талашсыз) тартипте алууга укуктуу деп белгиленсин.";
- 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |