Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2022-жылдын 15-июну № 329-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 214-пунктун аткаруунун алкагында ишкердик ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн арыз берүү процессин автоматташтырууну пилоттук апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте ишкердик ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтердин Бирдиктүү электрондук реестринин платформасында төмөнкүлөрдү алууга арыздарды электрондук берүүнү иштеп чыксын жана пилоттук режимде ишке киргизсин:
- мамлекеттик мергенчилик күбөлүктү;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияны (жеңил таксилерден тышкары);
- суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензияны;
- автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга лицензияны;
- автотранспорт каражаттары менен оор салмактуу жана (же) ири габариттүү жүктөрдү ташууга атайын уруксатты;
- чет өлкөлүк автоташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдү ташууга атайын уруксатты, ошондой эле кыргыз ташуучуларга үчүнчү мамлекеттердин аймагына кирүүгө уруксатты жана Транспорт министрлеринин Европа конференциясынын көп тараптуу уруксатын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн арыз берүү процессин автоматташтырууну пилоттоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу жөнүндө макулдашууну түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн арыз берүү процессин автоматташтырууну пилоттоону жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутууну өткөрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | У. А.Марипов |