Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-майы № 259-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 165-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тармактык кызматташуу органдарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн тизмесинде:
- 11-пунктундагы "транспорт жана коммуникациялар министринин" деген сөздөр "санариптик өнүктүрүү министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 41-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |