Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 17-июну № 332-т
Мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2021-жылдын 24-августундагы № 31-32 чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета женунде" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамьгньга 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) менен биргеликте кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрүнүн аллеясына (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары) мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин бюстун орнотсун.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |