Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-майы № 286-т
2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга ылайык, "Кобальт-2022" тактикалык-атайын машыгуусун даярдоону жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрүнүн атайын дайындалыштагы башкаруу органдары жана түзүлүштөрү менен өткөрүүнү сапаттуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2022-жылдын 2-августунан тартып 5-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрүнүн атайын дайындалыштагы башкаруу органдары жана түзүлүштөрү менен "Кобальт-2022" тактикалык-атайын машыгуусун (мындан ары - машыгуу) өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү машыгууга тартылган аскердик контингенттин катышуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- зарыл болгон мончо-кир жуугуч жабдууларды берүү жана коммуналдык-тиричилик тейлөө менен машыгуунун катышуучуларын акысыз негизде жайгаштырууну жүзөгө ашырсын;
- машыгуунун катышуучуларына тылдагы талаа мүлкүн акысыз негизде берсин;
- машыгуунун катышуучуларына медициналык камсыздоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү маселелери боюнча, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын аймагында болгондо көмөк көрсөтсүн, кечиктирилгис көрсөткүчтөр боюнча акысыз негизде шашылыш медициналык жардамды, анын ичинде жогоруда аталган Макулдашуунун шарттарына ылайык квалификациялуу, адистештирилген медициналык жардам көрсөтсүн;
- машыгуунун катышуучуларына жана кыймылдуу мүлккө карата бардык мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- машыгууга катышуучулардын аскердик жана башка түзүлүштөрүнүн жана алардын кыймылдуу мүлкүнүн кыймылынын маршруттары боюнча тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында машыгууга катышуучулардын жеке курамын, куралдарын жана аскердик техникасын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында ЕАЭБдин тышкы бажы чек арасы аркылуу ташылып келген (чыккан) биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын кыймылдуу мүлкүнө бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү акысыз негизде камсыз кылсын:
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аба кемелеринин учуусун, конуусун, токтотууну, коопсуздугун, аэродромдук-техникалык жана аэронавигациялык камсыздоону;
- "Кант", "Ысык-Көл", "Чолпон-Ата" жана "Манас" негизги жана запастагы аэродромдорун бөлүп берүүнү.
7. Бул тескемени ишке ашыруу ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |