Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-майы № 296-т
2022-жылдын 26-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 22-августундагы № 46 чечими менен бекитилген "Антиконтрафакт" эл аралык форуму жөнүндө жобонун 6-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу план 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү, уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун өткөрүүгө байланышкан иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыздасын.
5. Уюштуруу комитети иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлерин, макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, программалардын жана долбоорлордун өкүлдөрүн ишке тартууга жана маалыматтарды суроого укуктуу деп белгиленсин.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери уюштуруу комитетинин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору - уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин катчысы.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ПЛАН (2022-жылдын 26-28-сентябры, Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы)
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучу |
1. Жалпы бөлүгү | |||
1 | Форумду даярдоону жана өткөрүүнү жалпы жетектөө жана координациялоо | Май-сентябрь | Кыргызпатент, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын ЕАЭБ иштери боюнча бөлүмү |
2 | Форумду даярдоо боюнча ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүү | Зарылдыкка жараша | Кыргызпатент |
2. Мазмундук бөлүгү | |||
3 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын сүйлөгөн сөзүн даярдоо | Август | Кыргызпатент, ЭКМ, ИИМ, СӨМ, МБК, МСК |
4 | Тиешелүү багыттар боюнча тематикалык сессияларды даярдоо жана жооптуу жактарды аныктоо | Май-июнь | Кыргызпатент, ЭКМ, СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК, СМБ |
5 | Форумдун программасын жана пленардык сессиянын регламентин даярдоо | Май-июнь | Кыргызпатент, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
6 | "Кыргызпатенттин кабарлары" илимий-практикалык журналы үчүн макалаларды даярдоо жана берүү. | Май-июнь | Кыргызпатент, ЭКМ,СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК, МКЖК, СМБ, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
Мааракелик Форумга арналган "Кыргызпатенттин кабарлары" илимий-практикалык журналын чыгаруу | Август | ||
7 | Форумдун жыйынтыгы боюнча аналитикалык сереп даярдоо | Октябрь-ноябрь | Кыргызпатент, "Антиконтрафакт"эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
3. Уюштуруу-протоколдук бөлүгү | |||
8 | Форумдун бюджетин даярдоо жана бекитүү (кофе-брейк, түшкү тамак, расмий кечки тамак, сувенирдик продукция, таратылуучу материалдар, интернет, синхрондук котормо, транспорт, маданий жана спорттук программа, баннерлер, видеого тартуу ж.б.), кийин республикалык бюджеттен каржылоо. Форумду уюштурууга демөөрчүлөрдү, анын ичинде башкы жана маалыматтык демөөрчүлөрдү (өнөктөштөрдү) тартуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу | Май-июнь | Кыргызпатент, ФМ, ЭКМ, СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК |
9 | Пленардык сессияны, секцияларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн жайларды аныктоо жана аларды жасалгалоо. | Май | Кыргызпатент, КРПИБ, СӨМ, ММСЖСМ |
Форумдун ишин техникалык аппаратура менен камсыздоо. Форумдун катышуучуларынын онлайн кошулуусун жана Форумду трансляциялоону камсыздоо | Сентябрь | ||
10 | Форумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча Евразия экономикалык комиссиясы, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү | Май-сентябрь | Кыргызпатент, ЭКМ, СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК |
11 | Форумга катышууга чакырууларды жөнөтүү. | Май | Кыргызпатент, ЭКМ, СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК |
Кыргыз Республикасынан жана башка мамлекеттерден Форумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү. | Август | ||
Форумдун катышуучуларына бейдждерди даярдоо | Август-сентябрь | ||
12 | Форумдун расмий делегацияларына жана башка катышуучуларына мамлекеттик органдарды бекитүү | Август | Кыргызпатент, ЭКМ, СӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК |
13 | Форумдун катышуучуларын онлайн каттоону уюштуруу | Каттоо ачылган учурдан тартып | "Антиконтрафакт"эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент |
14 | Форумдун чет өлкөлүк катышуучуларынын келүү/кетүү графигин түзүү | Июнь-сентябрь | Кыргызпатент |
15 | Форумдун катышуучуларын визалык колдоону камсыздоо | Дайыма | ТИМ, УКМК, Кыргызпатент |
16 | Форумдун чет өлкөлүк катышуучуларын тосууну, жайгаштырууну, транспорттук тейлөөнү уюштуруу. Зарыл болгон учурда: - "Манас" эл аралык аэропортунун VIP-залы аркылуу тосууну жана узатууну уюштуруу; - "Манас" эл аралык аэропортунда бажылык жана чек аралык контролдон өтүүнү камсыздоо | Форумду өткөрүү мезгилинде | Кыргызпатент, КРПИБ, ЭКМ, УКМК, ИИМ, БИМ, ММСЖСМ, МБК, МСК |
17 | Форумдун катышуучуларынын документтерин текшерүүнү уюштуруу. Автотранспорт каражаттарына бирдей үлгүдөгү өткөрмөлөрдү даярдоо | Июль-сентябрь | Кыргызпатент, КРПИБ, УКМК, ИИМ |
18 | Форумдун ишин синхрондук котормо менен камсыздоо (кыргызча, орусча, англисче) | Форумду өткөрүү мезгилинде | Кыргызпатент |
19 | Форумдун катышуучуларынын саламаттыгын сактоону уюштуруу. Форумдун катышуучуларынын жана тартылган адамдардын ПЦР-тесттерди тапшыруусу (зарыл болгон учурда) | Форумду өткөрүү мезгилинде | Кыргызпатент, ССМ, КРПИБ |
20 | Мааракелик Форумга арналган маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | Май-сентябрь | Кыргызпатент, ММСЖСМ, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
4. Маалыматтык бөлүгү | |||
21 | Форумду маалыматтык коштоо, жарнамалык кампанияны жана Форумдун басма сөз борборунун ишин уюштуруу. Форумдун маалыматтык-презентациялык продукциясын даярдоо. Тышкы жарнамаларды, баннерлерди даярдоо жана Бишкек шаары боюнча жайгаштыруу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарнамаларды жайгаштыруу | Июнь-сентябрь | Кыргызпатент, ММСЖСМ, ЭКМ, КРПИБ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), "Манас" эл аралык аэропорту ААК (макулдашуу боюнча) |
22 | Форумдун өткөрүүнү ЖМКларда чагылдыруу боюнча медиапланды иштеп чыгуу. | Май | Кыргызпатент, ММСЖСМ, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
Форумду өткөрүү мезгилинде видеого тартууну уюштуруу жана Форумдун жыйынтыгы боюнча видеороликти даярдоо | Сентябрь-октябрь | ||
23 | ЖМКларды аккредитациялоонун башталышы жөнүндө анонсту жайылтуу | Май-июнь | Кыргызпатент, ММСЖСМ |
24 | Республикалык жана чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрүн аккредитациялоону уюштуруу | Июнь-сентябрь | Кыргызпатент, ММСЖСМ, УКМК, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
25 | Басма сөз борборун уюштуруу жана Форумду өткөрүү мезгилинде толук кандуу иштешин камсыздоо | Форумду өткөрүү мезгилинде | Кыргызпатент, КРПИБ, СӨМ, МСЖСМ |
26 | Форумдун таратылуучу маалыматтык материалдарын даярдоо: - буклеттер; - Форумдун символикасы түшүрүлгөн канцеляриялык буюмдар (блокноттор, баштыктар ж.б.); - сувенирдик продукция | Май-август | Кыргызпатент |
27 | Баннерлерди, көрсөткүчтөрдү даярдоо жана Форум өткөрүлгөн жерге жайгаштыруу | Май-сентябрь | Кыргызпатент, КРПИБ, ММСЖСМ |
28 | "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясынын сайтын (www.counterfeiting.ru) Форумду өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө контент менен толтуруу | Дайыма | "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент |
Кыскартуулардын тизмеси:
Форум | - | "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форуму |
МЭК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
СМББ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор |
МКЖК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |