Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-июну № 356-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, убактылуу эмгекке жарамсыздыкты күбөлөндүрүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук форматта түзүү жана берүү боюнча маалыматтык системаны апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын № 3, 5, 6, 9 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда убактылуу эмгекке жарамсыздыкты күбөлөндүрүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук форматта түзүү жана берүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) өткөрсүн;
- пилоттук долбоорду өткөрүү менен байланышкан зарыл уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук форматта түзүүнү жана берүүнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |