Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-июну № 363-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 363-т тескемеси менен жактырылган |
2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституниясынын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
AFoCOнун негизги максаты токойлордун деградацияланышына жана климаттын өзгөрүшүнө туруштугу жок Азиядагы токой чарбасы жаатында региондук кызматташууну бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө жана текшерилген технологияларды жана саясатты конкреттүү аракеттерге өткөрүү жолу менен климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Токой секторунда AFoCOну түзүү жөнүндө макулдашууга 2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган жана 2018-жылдын 27-апрелинде күчүнө кирген.
Азыркы учурда АFоСОнун тараптары катары 13 өлкө: Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Индонезия, Казакстан, Лаос ЭДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея Республикасы, Таиланд, Тимор-Лешти жана Вьетнам, ошондой эле байкоочу катары Малайзия, Сингапур жана Кыргызстан расмий катталган.
Уюмдун жаңы мүчөсү болууга ниеттенген кол койбогон өлкө ушул Макулдашууга кошулганга чейин АFоСОнун Ассамблеясьнда өзүнүн мүчөлүгүн жактырууну суранат.
AFoCOro мүчө болуу географиялык жактан Азияда жайгашкан өлкөлөр үчүн ачык.
Макулдашуунун 12-беренесине ылайык AFoCOro мүчө болууга жыл сайын 30 000 (отуз миң) АКШ доллары өлчөмүндө акчалай жана акчалай эмес салым түрүндө мүчөлүк төгүм төлөө каралган.
Макулдашуу күчүнө кирген күндөн кийин ратификациялаган, кабыл алган, жактырган же ушул Макулдашууга кошулган бардык өлкөлөр үчүн тиешелүү документ депонирленгенден кийин 30 (отузунчу) күнү Макулдашуу күчүнө кирет.
AFoCO Корея Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык көмөк көрсөтүүсүндө токойлорду сактоо, изилдөө, климаттын өзгөрүүсүн төмөндөтүү, адистерди окутуу боюнча долбоорлорду ишке ашырат.
АFоСОнун ишинде Кыргыз Республикасы 2021-жылдан тартып байкоочу-өлкө катары катышат. АFоСОнун Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн миссиясы болуп өттү, анын жүрүшүндө кызыкдар тараптар менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү жана кызматташтыктын мүмкүн болуучу багыттары талкууланды.
Макулдашууга кошулуу AFoCOнyн финансылык ресурстарына жетүүнү камсыз кылат жана республиканын токой экосистемасын өнүктүрүү жаатындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө колдоо көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Макулдашууга кошулуусу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.