Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-июну № 361-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. 2002-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүу эмес мүнөздөгү мүмкун болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Долбоор |
2002-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, 2002-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында түзүлгөн Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 19-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене
Макулдашуунун преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун эске алуу менен,".
2- берене
Макулдашуунун 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы "и" пункту менен толукталсын:
"и) "атайын уруксат":
1) экинчи Тараптын мамлекетинин ташуучусуна бир Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана (же) үчүнчү мамлекеттин аймагынан ушул Тараптын мамлекетинин аймагына ташууларды жүзөгө ашырууга укук берүүчү уруксат;
2) аймагы аркылуу ташуу жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык оор салмактагы жана (же) ири габариттик автотранспорт каражатынын же кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу автотранспорт каржатынын өтүүсүнө берилүүчү уруксат.".
3- берене
Төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:
"41-берене
Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сейрек ташууну жүзөгө ашыруучу бир Тараптын мамлекетинин ташуучусу жүргүнчүлөр жана автотранспорт каражаттарынын персоналы (экипажы) жөнүндө маалыматтарды ушул экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык маалыматтык системага берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.".
4- берене
Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене
1. Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда же алардын аймактары аркылуу транзиттик ташуулар учун уруксат алуу талап кылынбайт.
2. Бир Тараптын мамлекетинин ташуучусу тарабынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналган үчүнчү мамлекеттин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналган үчүнчү мамлекеттин аймагынан ушул экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуу үчүн ушул Макулдашуунун 2-беренесинин "и" пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн атайын уруксатты алуу талап кылынбайт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору бош автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө да жайылтылат.".
5- берене
Макулдашуунун 7-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене
Эгерде аймагы аркылуу ташуу жүзөгө ашырылып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында салмак же габариттик параметрлери (жүк менен же жүксүз) белгиленген ченемдерден ашкан автотранспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн атайын уруксаттарды алуу зарылчылыгы белгиленсе, ташуучу мындай атайын уруксаттарды алууга жана эгерде ушул атайын уруксаттарда каралса, тиешелүү маршруттар боюнча жүрүүгө милдеттүү.".
6- берене
Макулдашуунун 8-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене
Эгерде аймагы аркылуу ташуу жүзөгө ашырылын жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражатынын өтүүсүнө атайын уруксат алуу зарылчылыгы белгиленген болсо, ташуучу мындай атайын уруксаттарды алууга жана эгерде ушул атайын уруксаттарда каралган болсо, тиешелүү маршруттар боюнча жүрүүгө милдеттүү.".
7- берене
Макулдашуунун 9-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене
1. Бир Тараптын мамлекетинин ташуучусуна экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга уруксат берилбейт, буга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучулары үчүн белгиленген шарттар сакталган учурларда жүктөрдү ташуу кирбейт.
2. Эгерде буга экинчи Тараптын компетенттүү органынан ушул Макулдашуунун 2-беренесинин "и" пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн атайын уруксатты алган болсо, бир Тараптын мамлекетинин ташуучусу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына, ошондой эле үчүнчү мамлекеттин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташый алат, буга ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктунда каралган жүктөрдү ташуу кирбейт.
3. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 2-беренесинин "и" пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн атайын уруксаттардын бланктарын алмашуунун тартибин өз ара макулдашат. Бул бланктарда мөөр жана уруксат берген компетенттүү органдын жооптуу адамынын колу болууга тийиш.
4. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин "и" пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн атайын уруксаттар календардык жыл ичинде жана кийинки жылдын 31-январына чейин жарактуу болот.".
8- берене
Макулдашуунун 11-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене
Ушул Макулдашуунун негизинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучулар экинчи Тараптын мамлекетинин автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жыйымдардан жана төлөмдөрдөн өз ара мамилелердин негизинде бошотулат, буга Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана басмырлоосуз негизде автотранспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын ордун толтуруу, ошондой эле автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү жана туннелдерди акы төлөнүүчү негизде пайдалануу үчүн алынуучу жыйымдар жана төлөмдөр кирбейт.".
9- берене
Бул Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20_-жылдын "_"__шаарында, ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |