Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-июну № 359-т
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоо, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын калкын көмүр менен камсыз кылуу, Кавак күрөң көмүр бассейнинен (Кара-Кече кени, Нарын облусунун Жумгал району) катуу отунду жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын жылуулук менен камсыз кылуу объекттеринде техногендик мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылдын 15-сентябрына чейин Кавак күрөң көмүр бассейнинин (Кара-Кече кени, Нарын облусунун Жумгал району) аянтында жер кыртышын ачуу жана казып алуу иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына атайын жана инженердик техникаларды убактылуу пайдаланууга берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы техникалык ресурстар менен көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен белгиленген тартипте келишим түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бөлүнгөн атайын жана инженердик техникаларды күйүүчү-майлоочу материалдардын керектүү көлөмү менен өз убагында камсыз кылсын, ошондой эле иштерди аткаруу мезгилинде механизатор-айдоочулардын болушу үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
3. Атайын жана инженердик техникаларды эки тарапка ташууга, иштөөгө, анын ичинде бийик тоолуу шарттарда жана механизатор-айдоочулардын зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы ашыкча иштөөсүнө байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |