Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-июну № 346-т
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин жыргалчылыгына жана коопсуздугуна көмөк көрсөтөрүн таанып,
өзгөчө кырдаалдар Тараптардын мамлекеттери үчүн коркунуч алып келерин түшүнүп,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы илимий-техникалык маалыматтарды алмашуунун Тараптардын мамлекеттери үчүн пайдасын эске алып,
Тараптардын мамлекеттеринин биринин күчтөрү жана каражаттары менен жоюуга мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу ыктымалдыгын жана ага байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында эки мамлекеттин координацияланган аракеттеринин зарылдыгын көңүлгө алып,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын ролун эске алып,
өз ара урмат көрсөтүү жана кызыкчылыктарды көздөө принциптерине негизденүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Ушул Макулдашууда колдонулуучу терминдер
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
жардам суроочу Тарап - экинчи Тараптан жардам көрсөтүү топторун, жабдууларды жана керектүү материалдарды жөнөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган Тарап;
жардам берүүчү Тарап - экинчи Тараптын жардам көрсөтүү топторун, жабдууларды жана керектүү материалдарды жөнөтүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырган Тарап;
өзгөчө кырдаал - авариянын, кыйроонун, кооптуу табигый кубулуштун, табигый же башка кырсыктын натыйжасында адам курмандыктарына, адамдын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, олуттуу материалдык жоготууга жана адамдардын жашоо-тиричилик шартынын бузулушуна алып келген белгилүү аймакта түзүлгөн абал;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча азайтууга, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарын коргоого, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын жана алар келип чыккан учурда материалдык жоготуулардын өлчөмүн азайтууга багытталган жана алдын ала Тараптар жүргүзүүчү иш-чаралар комплекси;
куткаруу иштери - өзгөчө кырдаалдар аймагында адамдарды куткаруу, юридикалык жана жеке адамдардын мүлкүн, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алар үчүн мүнөздүү болгон кооптуу факторлордун таасирин басуу же мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлге жеткирүү;
өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу - өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген зыяндын жана материалдык жоготуулардын көлөмүн азайтууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар аймагын чектөөгө жана кооптуу факторлордун таасирин токтотууга багытталган куткаруучу жана кечиктирилгис иштердин комплекси;
өзгөчө кырдаалдар аймагы - өзгөчө кырдаал келип чыккан Тараптын мамлекетинин аймагы;
жардам көрсөтүү тобу - өзгөчө кырдаалдар аймагында иштерди жүргүзүүгө жетиштүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана колдоо көрсөтүү үчүн арналган жардам берүүчү Тараптын адистеринин (зарыл учурда кызматтык иттери менен) уюштурулган тобу;
жабдуулар - материалдар, ультракыска жана кыска толкундардын диапазонунда иштеген техникалык, мобилдүү же стационардык байланыш каражаттары, транспорттук каражаттар, жардам көрсөтүү тобунун жабдуулары, анын ичинде топтун мүчөлөрүнүн жеке буюмдары жана жабдыктары, медикаменттер жана медициналык жабдуулар;
камсыз кылуу материалдары - өзгөчө кырдаалдардын кесепетинде жабыр тарткан калктын арасында акысыз бөлүштүрүү үчүн арналган материалдык каражаттар.
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдарды дайындайт:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнөн - Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги.
Башка органдар дайындалган же ыйгарым укуктуу органдын аталышы өзгөргөн учурда бул тууралуу Тараптар бири-бирине жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлайт.
3-берене Кызматташуунун түрлөрү
Ушул Макулдашууга ылайык бардык иш-чаралар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат жана Тараптардын ар биринде зарыл болгон каражаттардын болушу менен шартталат.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу төмөнкүлөрдү караштырат:
кооптуу техногендик жана экологиялык процесстердин, табигый кубулуштардын мониторингин жана болжолун уюштуруу, жүргүзүү, ошондой эле өнөр жайлык авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын кесепетинде мүмкүн болуучу булганууларга байланыштуу курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жана калкка келтирген тобокелдикти баалоо;
Тараптардын суроо-талабы боюнча мурдагы уран өндүрүшүнүн объектилериндеги (калдык сактоочу жайлар, таштандылар ж.б.) радиоэкологиялык абал жөнүндө маалымат алмашуу;
өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде радиациялык авариялык кырдаалдардын коркунучу жана келип чыгышы тууралуу жана алардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат алмашуу;
чек арага жакын аймактарда өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Тараптардын биргелешкен издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү аракеттерин координациялоо;
калкты өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге, анын ичинде биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даярдоону уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу;
трансчек аралык аймактарда болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерине биргелешкен макросейсмикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү;
өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, ошондой эле калктуу конуштарды жана аймактарды коргоо боюнча чараларды жүргүзүү;
өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара жардам көрсөтүү;
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашылган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы башка иштер.
4-берене. Уюмдар менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык
Тараптар зарылдыгына жараша өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ишти жүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик уюмдарынын жана мекемелеринин, юридикалык жана жеке жактарынын ортосундагы кызматташууга көмөк көрсөтөт.
5-берене. Тараптардын өкүлдөрүн кабыл алуу шарттары
Жардам берүүчү Тарап ушул Макулдашуунун 3-беренесинде белгиленген өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз байланышпаган иштерге катышса, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда өзүнүн өкүлдөрүнүн дайындалган жерине чейин баруу, жашап туруу жана тамактануу боюнча чыгымдарын өзү тартат.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда Кабыл алуучу Тарап биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кеңешмелерди, окутууларды жана машыгууларды уюштуруу, ошондой эле жөнөтүүчү Тараптын өкүлдөрүнүн өз мамлекетинин аймагында жүрүүсү боюнча чыгымдарды өзү тартат.
6-берене. Жардам берүү
Жардам зарыл жардамдын түрлөрү, көлөмү, орду жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн өзгөчө кырдаалдын мүнөзү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган, жардам сурап жаткан Тараптын, жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде берилет.
Жардам берүүчү Тарап суроо-талапты кыска мөөнөттүн ичинде карайт жана жардам суроочу Тарапка жардам берүү мүмкүндүгү, көлөмү жана шарттары же жардам көрсөтүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө маалымдайт.
Жардам көрсөтүү топторун башкаруу жардам суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул топтордун жетекчилери аркылуу ишке ашырылат.
7-берене. Жардамдын түрлөрү
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү топторун жөнөтүү, тиешелүү жабдуулар, материалдар менен камсыз кылуу же суралган башка түрдө жардам көрсөтүлөт.
Жардам көрсөтүү топтору өзгөчө кырдаал аймагында авариялык-куткаруу иштерин аткарат.
Жардам суроочу Тарап, жардам берүүчү Тараптын, жардам көрсөтүү топторунун жетекчилерине, өзгөчө кырдаалдар аймагында жана конкреттүү иш участокторунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалымдайт, зарыл болгон учурда бул топторду котормочулар жана байланыш каражаттары менен камсыздайт, ошондой эле коопсуздукту, акысыз медициналык жардамды камсыз кылат жана алардын ишин координациялайт.
Жардам көрсөтүү топторунун жабдуулары, өзгөчө кырдаалдар аймагында 72 саат бою иштерди автономдуу жүргүзүү үчүн жетиштүү болушу керек.
Жабдуулардын запасы түгөнгөндөн кийин, жардам суроочу Тарап бул топторду, эгерде Тараптар кошумча макулдашпаса, андан ары иштөө үчүн зарыл болгон каражаттар менен камсыз кылат.
8-берене. Жардам көрсөтүү топторунун мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жана алардын жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында болуу режими
Жардам көрсөтүү топторунун мүчөлөрү Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде жана жардам суроочу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында аныкталган тартипте ким экендигин ырастоочу документтер боюнча эл аралык каттам үчүн ачык өткөрүү пункттары аркылуу жардам суроочу Тараптын мамлекеттик чек арасын кесип өтөт.
Топтун жетекчисинде жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрүнүн тизмеси жана жардам берүүчү Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, анын ыйгарым укуктарын ырастаган документтин болуусу тийиш.
Жардам көрсөтүү топторунун мүчөлөрү жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда ошол мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Мында алар эмгек укуктук мамилелер жана социалдык-экономикалык кепилдиктер бөлүгүндө жардам берүүчү Тараптын мамлекетинин юрисдикциясында болот.
Жардам көрсөтүү топторунун курамына кирген аскердик персоналга карата жардам берүүчү Тараптын мамлекетинин аскер кызматчылардын статусун жөнгө салуучу мыйзамдары эмгек укуктук мамилелер жана социалдык-экономикалык кепилдиктер бөлүгүндө колдонулат.
Жардам көрсөтүү топторун көчүрүү, алардын жабдууларын жана камсыздоо материалдарын ташуу автомобиль же аба транспорту менен ишке ашырылат.
Жардам берүү үчүн көрсөтүлгөн транспорттун түрлөрүн пайдалануунун тартиби Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
9-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам берүү үчүн жабдууларды жана камсыздоо материалдарын ташып киргизүү жана ташып чыгаруу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жардам берүү үчүн жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизилүүчү жана жардам берүүчү Тараптын мамлекетинин аймагынан ташып чыгарылуучу жабдуулар жана камсыздоо материалдары бажы алымдарынан, салыктардан жана жыйымдардан бошотулат.
Жабдууларды жана камсыздоо материалдарын бажылык тариздөө жөнөкөйлөштүрүлгөн формада жана артыкчылыктуу негизде Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары берген билдирүүлөрдүн негизинде ишке ашырылат, анда жардам көрсөтүү топторунун курамы, ташып киргизилүүчү же ташып чыгарылуучу жабдуулардын жана камсыздоо материалдарынын тизмеси көрсөтүлөт.
Жардам көрсөтүү топторуна жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына ушул Берененин экинчи абзацында аталган тизмеде көрсөтүлгөн жабдууларды жана камсыздоо материалдарын гана киргизүүгө уруксат берилет.
Жабыр тарткандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган медициналык дары-дармектердин зарыл болгон көлөмү, жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына аны менен макулдашуу боюнча жана жардам суроочу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда жардам көрсөтүү тобунун жетекчиси Тараптардын бажы органдарына баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган медициналык дары-дармектердин бар экендиги жөнүндө, алардын номенклатурасын жана санын көрсөтүү менен, жардам көрсөтүүчү Тараптын бекитилген эрежелерине ылайык декларацияны көрсөтөт.
Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган медициналык дары-дармектерди жардам көрсөтүүчү Тараптын квалификациялуу медициналык персоналы гана пайдаланууга укуктуу. Жардам суроочу Тараптын тиешелүү кызмат адамдары баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган бул медициналык дары-дармектердин колдонулушун жана сакталышын контролдоого укуктуу.
Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган пайдаланылбаган медициналык дары-дармектер, алардын номенклатурасын жана санын ырастоочу документтердин негизинде жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгарылууга тийиш.
Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган колдонулган медициналык дары-дармектер үчүн жардам суроочу Тараптын бажы органдарына жардам көрсөтүү тобунун жетекчиси жана дарыгери кол койгон жана жардам суроочу Тараптын өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын колдонулгандыгы жөнүндө акт берилет.
Жардам көрсөтүү боюнча иштер аяктагандан кийин жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизилген жабдуулар (толугу менен керектелген же жок кылынгандарды кошпогондо) жардам көрсөтүүчү Тараптын мамлекетинин аймагынан ташып чыгарылууга тийиш. Эгерде өзгөчө жагдайлардан улам жабдууну алып чыгарууга мүмкүн болбосо, жардам суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органына макулдашылган шарттарда жардам катары акысыз берилиши мүмкүн. Бул учурда жардам көрсөтүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органдары өз ара макулдашуу боюнча берилүүчү жабдуунун түрүн, санын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен жардам суроочу Тараптын бажы жана башка компетенттүү органдарына кабарлайт.
Жабдуулардын бузулушу же толук колдонулушу жана жабыр тарткан калктын арасында камсыздоо материалдарды бөлүштүрүү фактысы документтештирилүүгө тийиш.
10-берене. Аба кемелерин пайдалануу
Жардам көрсөтүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы, жардам суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органына жардам көрсөтүү үчүн тибин жана таанытуучу белгилерин, маршрутун, экипаж мүчөлөрүнүн санын, жүктүн мүнөзүн, учуу жана конуу ордун жана убактысын көрсөтүү менен аба кемелерин пайдалануу чечими жөнүндө билдирет.
Жардам суроочу Тарап өз мамлекетинин аймагында белгилүү бир пунктка учууга уруксат берет.
Бир мамлекеттин аймагынан экинчи мамлекеттин аймагындагы белгилүү бир пунктка кечиктирилгис жардам көрсөтүү жана ыйгарым укуктуу органдын аба кемеси менен күчтөрдү жана каражаттарды ыкчам жеткирүү максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте аба кемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кошумча нускаманы жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда артыкчылыктуу тартипте аба кемелеринин чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын (чек ара, бажы, фитосанитардык, карантиндик кызматтар) өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгат жана макулдашат.
Учуулар Жарандык авиация эл аралык уюму жана Тараптардын мамлекеттери тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык ишке ашырылат.
11-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда жардам суроочу Тарап, жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды жардам көрсөтүүчү тарапка төлөп берет.
Жардам суроочу Тарап каалаган учурда ага жардам көрсөтүү өтүнүчүн жокко чыгара алат. Мындай учурда жардам берүүчү Тарап тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп алууга укуктуу.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда чыгымдардын ордун толтуруу жардам көрсөтүүчү Тараптан бул тууралуу суроо-талап келип түшкөндөн кийин 30 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жардам көрсөтүүчү Тарап жардам көрсөтүү боюнча топтордун мүчөлөрүн камсыздандырууну ишке ашырат. Камсыздандырууну тариздөө боюнча чыгымдар жардам көрсөтүүчү тараптын эсебинен жабылат.
Жардам көрсөтүүчү тарап аба кемелеринин учушу, конушу, аэродромдо токтоп турушу жана андан учушу үчүн акыдан, ошондой эле аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
Жардам көрсөтүүчү Тараптын күйүүчү майына жана аба кемелерин техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу маселеси ар бир конкреттүү учурда өзүнчө чечилет.
Тараптар, эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, анда Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык каралган каражаттардын чегинде ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу чыгымдарды өз алдынча көтөрүшөт.
12-берене. Зыяндын ордун толтуруу
Жардам көрсөтүүчү Тараптын жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрү каза болгон же жаракат алган, ошондой эле ушул Тараптын жабдуулары же башка мүлкү жок кылынган же бузулган учурда, эгерде мындай зыян ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө келтирилген болсо, жардам сурап жаткан Тарап компенсация төлөп берет. Компенсациянын өлчөмү ар бир конкреттүү учурда өзүнчө сүйлөшүлөт.
Жардам көрсөтүүчү Тарап түздөн-түз жардам көрсөтүү менен байланышпаган иш-аракеттердин натыйжасында жардам көрсөтүүчү Тараптын жардам көрсөтүү тобунун мүчөсү тарабынан жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жеке же юридикалык жакка келтирилген зыяндын ордун жардам суроочу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык толтурат.
Эгерде ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу милдеттерди аткарууда жардам көрсөтүүчү Тараптын жардам көрсөтүү боюнча тобунун мүчөсү, жардам суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жеке адамга же юридикалык жакка зыян келтирсе, анда бул зыяндын ордун, жардам суроочу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, жардам сураган Тарап толтурууга тийиш.
Жардам көрсөтүүчү Тараптын жардам көрсөтүү тобунун мүчөсү атайылап же одоно шалаакылыктан келтирген зыяндын ордун жардам көрсөтүүчү Тарап толтурууга тийиш.
13-берене. Маалыматтарды колдонуу
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга тийиш болбогон маалыматтарды кошпогондо, ушул Макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында алынган маалымат, эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, кадимки практиканын жана ар бир Тараптардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде жарыяланат жана колдонулат.
14-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана (же) колдонууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультациялар жолу менен чечилет.
15-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Ушул макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протокол менен таризделет.
16-берене. Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ага ылайык башталган, бирок аны токтотууга чейин бүтпөгөн иштерге таасирин тийгизбейт.
20___-жылдын "__" __________ __________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |