Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-июлу № 380-т
“Динамикалык пирамида” дисциплинасында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласында “2022-жылдын 25-мартынан 2-апрелине чейин Бишкек” деген сөздөр “2022-жылдын 11-июлунан 21-июлуна чейин Чолпон-Ата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына дүйнө чемпионатын өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн дүйнө чемпионатын символикасы бар жарнама такталары менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;”.
2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |