Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-июлу № 375-т
Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 221-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 -пунктунун 1 -пунктчасында:
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын кесепетинен инфекцияны жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсацияны төлөөгө 130 400 000 (бир жүз отуз миллион төрт жүз миң) сом;";
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |