Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-июлу № 184
Kыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 14-мартындагы №50 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгы жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
«111. Башкармалык Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу бөлүгүндө Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ишин
координациялайт.»;
2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 12-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У.Жапаров |