Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-августу № 417-т
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автомобилдик ташууларга жана импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү үчүн пилоттук долбоорду жүргүзүү, ошондой эле ташууларга байкоо жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 10-августунан тартып 2023-жылдын 31-январына чейин Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автомобилдик ташууларга жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга байкоо жүргүзүү үчүн контролдук жана/же навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тобокелдикке багытталган ишкердик субъектеринин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында (бөлүктөрүндө) контролдук жана/же навигациялык пломбаларды коюу акысыз негизде колдонулары;
- контролдук пломбаларды коюу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөрү;
- навигациялык пломбаларды коюу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен биргеликте жүзөгө ашырылары.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташууларды жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөрдүн арасында пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү тартибин жана шарттарын бекитсин, ошондой эле салык төлөөчүлөр тарабынан салык милдеттенмелерин аткарбоо жана (же) толук аткарбоо тобокелдигинин критерийлерин белгилесин;
- пилоттук долбоор аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына туруктуу негизде жүк ташууларда кийин навигациялык пломбаларды колдонуу механизмин киргизүү үчүн жеткире иштеп чыгууну талап кылган бар болгон көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди көрсөтүү менен маалымат берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары: |
А.А.Касымалиев |