Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-августу № 416-т
Квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү, билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүнде жобонун 11-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте:
1) "Казань улуттук технологиялык изилдөө университети" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин Кыргыз филиалына Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, Горький көчөсү, 1a дарегинде жайгашкан № 25 кесиптик лицейдин жалпы аянты 1809,15 кв. м болгон жайларын төмөнкүдой келишим түзүү шарты менен 3 жылдык мөөнөткө убактылуу акысыз пайдаланууга берсин:
- түзүлгөн келишимге ылайык күтүү боюнча бардык коммуналдык кызматтарды жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө жөнүндө;
- жайлардын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо (көтөрүүчү конструкцияларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана реконструкциялоону кошпогондо) боюнча иштерди "Казань улуттук технологиялык изилдөө университети" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин Кыргыз филиалынын каражаттарынын эсебинен өз алдынча жүргүзүү жөнүндө;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.А.Касымалиев |