Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-июлу № 387-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 144-статьясына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго төмөнкү объекттерди белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Орто-Сай айылы, "Сары-Өзөн" турак жай шаарчасы, 3-линия көчөсү, № 7 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 364,55 кв.м, турак аянты 215,56 кв.м, идентификациялык коду: 7011610050610, баалануучу наркы 68755000 (алтымыш сегиз миллион жети жүз элүү беш миң) сом болгон эки кабаттуу турак үйдү жанаша аймагы менен;
2) Бишкек шаары, 11-кичи район, Нуркамал 3 көчөсү дарегинде жайгашкан, аянты 7,51 га, идентификациялык коду: 1-04-11-0031-0196, баалануучу наркы 1052473000 (бир миллиард элүү эки миллион төрт жүз жетимиш үч миң) сом жер участогун;
3) Бишкек шаары, 11-кичи район, Каралаев көчөсү - Нуркамал көчөсү дарегинде жайгашкан, аянты 2,13 га, идентификациялык коду: 1-04-11-0031-0069, баалануучу наркы 354039000 (үч жүз элүү төрт миллион отуз тогуз миң) сом жер участогун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары өткөрүп берсин;
2) акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында объекттердин баалануучу наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен "Мамлекеттик ипотекалык компания'' ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому үчүн каралган каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 68755000 (алтымыш сегиз миллион жети жүз элүү беш миң) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
5. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна өткөрүп берилүүчү объектти максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |