Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-июну № 319-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Проект |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
Тараптардын мамлекеттериндеги элдердин билимин жана маданиятын өнүктүрүүдө мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
2012-жылдын 5-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу менен Тараптар "Газпром" ачык акционердик коомунун (тиешелүү түрдө мындан ары - "Газпром" ААК) туунду коому болуп саналган "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коом (мындан ары - Уюштуруучу) тарабынан уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан "Газпром Кыргызстан мектеби" коомдук фонду коммерциялык эмес уюмунун (мындан ары - Мектеп) ишинин шарттарын бекитет.
2-берене.
Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Тарабынан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Россиялык Тараптан - Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы.
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын аталыштары өзгөргөнү жөнүндө жана (же) башка органдарга функцияларын өткөрүп берүү тууралуу билдирүүлөрдү жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз жөнөтөт.
3-берене.
Мектеп өз ишинде Уюштуруучу тарабынан бекитилген уставды (мындан ары - Устав) жетекчиликке алат.
4-берене.
Мектептин билим берүү ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, Мектептин билим берүү ишин мамлекеттик аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Мектептин ишине билим берүү чөйрөсүндөгү федералдык мамлекеттик контроль (көзөмөл), Мектептин билим берүү ишине лицензиялык контроль (көзөмөл) Мектепти пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү аркылуу жана алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Пландык текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызмат менен макулдашуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген жылдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматтын өкүлдөрүн тартуу менен (зарыл болгон учурда) Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
Билим берүү жана лицензиялык контроль чөйрөсүндө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) алкагындагы пландуу текшерүүлөр комиссия тарабынан жүргүзүлөт, анын курамы алдын ала макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин жана зарыл болгон учурда Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматтын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
5-берене.
Мектеп билим берүүнүн башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жана тийиштүү үлгүлүү негизги билим берүү программаларын эске алуу менен жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын орус тилинде ишке ашырат.
6-берене.
Билим алуу үчүн Мектепке Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Россия Федерациясынын жарандарынын балдары Уюштуруучу тарабынан бекитилген балдарды мектепке кабыл алуу тартибине ылайык кабыл алынат.
Мектепке балдарды кабыл алуу тартибинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды, социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ошондой эле окуудагы өзгөчө жетишкендиктери бар балдарды окуучулардын иш жүзүндөгү санынан 20% ашпаган квотанын чегинде акысыз окутууга кабыл алуу укугу каралышы мүмкүн.
Бош орундар болгон учурда Мектеп башка мамлекеттердин жарандарынын балдарын кабыл алууга укуктуу.
7-берене.
Окуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Уюштуруучу жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген билим берүү ишин жүргүзүүнүн санитардык ченемдерине ылайык Мектептеги параллелдик класстардын санын аныктайт.
8-берене.
Кыргыз Тарап Мектепти жайгаштыруу жана ишин камсыз кылуу үчүн "Газпром" ААК эсебинен курулган, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын, Токомбаев көчөсүнүн 23/11 дарегинде жайгашкан жанындагы аймагы менен мүлк комплексин кийин пролонгациялоо укугу менен 20 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берет.
9-берене.
Мектептин ишин финансылык камсыз кылуу Уюштуруучунун жана/же "Газпром" ААКтын өздүк каражаттарынын жана Уставга ылайык Мектеп тарабынан башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Уюштуруучу жана/же "Газпром" ААК Мектеп өзүн-өзү каржылоого өткөнгө чейин Мектептин ишин өздүк каражаттарынын эсебинен финансылык колдоп турат. Мектептин иш процессинде түшкөн бардык каражаттар Мектептин иштөө жана өнүктүрүү максаттарына гана жиберилет.
10-берене.
Мектепте билим алып жаткан жана негизги жалпы билим берүүнүн же орто жалпы билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүнү аяктаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдарга Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган тартипте билими жөнүндө документтер берилет.
Мектепте билим алып жаткан жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык орто жалпы билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүнү аяктаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн жана окуу планына ылайык окутулган бардык окуу предметтери боюнча "эң жакшы" деген жыйынтыктоочу бааларды алган адамдарга билими жөнүндө тиешелүү документти берүү менен бирге Мектеп Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган тартипте "Окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн" медалын тапшырат.
Мектепте билим алып жаткан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте билими жөнүндө документ берилет.
Мектептин базасында Россия Федерациясынын билим берүү уюмдарына кирүүнү каалаган башка жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк каралат.
11-берене.
Кыргыз Тарап Мектептин аймагында укуктук тартипти сактоого көмөк көрсөтөт.
12-берене.
Тараптардын ортосундагы ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
13-берене.
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
14-берене.
Бул Макулдашуу 20 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен ушул Макулдашууну колдонууну токтотууга укуктуу. Мындай учурда Макулдашууну колдонуу экинчи Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кийин токтотулат.
Эгерде Тараптардын бири кийинки мөөнөт аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, бул Макулдашуу кийинки он жылдык мезгилге узартылат.
_____________ шаарында, 20__-жылдын "___" ____________, эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде аткарылды, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-июну № 319-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 589-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басарына мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.