Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-июну № 407-т
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-майындагы № 254 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
- 3-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунун алтынчы абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Координациялык кеңештин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеңештин төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (коомдук башталышта).
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары.".