Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-июну № 316-т
2021-жылдын 20-июлунда сел жүруүнүн кесепетинен жабыркаган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкына жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-майындагы № 287-т тескемесине төмөнкүдөй озгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы "2022-жылдын 4-6-майында" деген сөздөрдөн мурда "2021-жылдын 20-июлунда жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча максаттуу трансферттердин көлөмүн 65 070 330 (алтымыш беш миллион жетимиш миң үч жүз отуз) сомго республикалык бюджеттин чыгымдарын кайра болүштүрүүнүн эсебинен көбөйтсүн жана ушул каражаттардын эсебинен:
- 2022-жылдын 4-6-майындагы сел жүрүүнүн кесепетинен жабыркаган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Атабеков, Сузак айыл аймактарынын, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын калкына жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Ош.; облусунун Алай, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун мамлекеттик администрацияларына 59 400 000 (элүү тогуз миллион төрт жүз миң) сом тиркемеге ылайык бөлүп берсин;
-2021-жьлдын 20-июлунда сел жүрүүнүн кесепетинен жабыркагам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагыным үй-бүлөлөрүнө турак жай куруу үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясына 5 670 330 (беш миллион алты жүз жетимиш миң үч жүз отуз) сом бөлуп берсин;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |