Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-августу № 428-т
2015-жылдын 29-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) өкмөт башчыларынын Кеңешинин Чечими менен бекитилген Эл аралык каттамдарда ташууларды жүзөгө ашырууда КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарында транспорттук коопсуздукту камсыздоо стратегиясын, 2020-2025-жылдар мезгилине эл аралык каттамдарда ташууларды жүзөгө ашырууда КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарында транспорттук коопсуздукту камсыздоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле 2014-жылдын 30-майындагы КМШга мүчө мамлекеттердин транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатында маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2015-жылдын 29-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) өкмөт башчыларынын Кеңешинин Чечими менен бекитилген Эл аралык каттамдарда ташууларды жүзөгө ашырууда КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарында транспорттук коопсуздукту камсыздоо стратегиясын, 2020-2025-жылдар мезгилине эл аралык каттамдарда ташууларды жүзөгө ашырууда КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарында транспорттук коопсуздукту камсыздоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2014-жылдын 30-майындагы КМШга мүчө мамлекеттердин транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатында маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Иши транспорттук коопсуздукту камсыздоо маселелери менен түздөн-түз байланышкан министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда аталган КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы чечимдерин жана Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине жогоруда аталган чечимдерди жана Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө кабарлоо жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |