Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-июлу № 388-т
Темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча участокто "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштердин заказчысы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча участокто "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруучу болуп Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын кайрылуусунун негизинде "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТЭН) иштеп чыгууга тартылган чет өлкөлүк жарандарга консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражат албастан визалык колдоону жана Кыргыз Республикасынын визаларын тариздесин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын кайрылуусунун негизинде ТЭНди иштеп чыгууга катышкан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксаттарды тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ТЭНди иштеп чыгуунун алкагында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ТЭНди иштеп чыгуунун алкагында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жана жергиликтүү адистерге медициналык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын.
7. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ТЭНди иштеп чыгууда "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына жана Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |