Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 12 июлу № 173
Жүргүзүлгөн кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 3-февралындагы № 16 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Джунушалиев Айбек Джанышбекович жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси катары киргизилсин;
- А.К. Эргешов ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У.Жапаров |