Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-августу № 433-т
Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу жана Бишкек шаарында "Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор" пилоттук долбоорун киргизүү максатында:
1. Бишкек шаарында "Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор" пилоттук долбоорун киргизүү механизмин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- бир айлык мөөнөттө Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борборду жайгаштыруу жана андан аркы иши үчүн орунду аныктасын;
- үч айлык мөөнөттө Бишкек шаарында "Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор" пилоттук долбоорун ишке киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылдын 1-декабрына чейин Бишкек шаарында "Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор" пилоттук долбоорун ишке киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомчулуктан маалыматтарды суроого жана кызматкерлерин тартууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине бардык көмөктү көрсөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды оперативдүү тартипте берүү жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүү сунушталсын.
7. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аныкталсын.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
"Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор" пилоттук долбоорун киргизүү механизмин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Алыбаева Жаныл Ишенбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Садыков Улан Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Урмамбетов Октябрь Джолдошович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Мозгачева Виктория Андреевна | - | Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри; |
Окоева Гульмира Качкыновна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Асылбашева Раиса Бейшеналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу, дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Касымов Суйун Жолотаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору; |
Шоонаева Нургуль Джумагазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы Кыргыз илимий борборунун директору; |
Асылбекова Айнура Спартаковна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасы" мекемесинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун бөлүмчөсүнүн башчысы; |
Алижанов Таалайбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Макилов Султан Бейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын тергөө ишин контролдоо жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги; |
Адылова Нуржан Озубековна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Камаева Айчурок Усенбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун консультациялык-укуктук жана квалификациялык юридикалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Губина Лариса Васильевна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Тюлекова Толкун Каныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ракишева Жыпара Дженишбековна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкаруу программасынын менеджери (макулдашуу боюнча); |
Сатывалдиева Назира Абдырахмановна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Калктын саны жаатындагы фондунун (ЮНФПА) гендердик маселелер боюнча улуттук программалык аналитиги (макулдашуу боюнча); |
Убайдиллаева Бермет Маматжановна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы гендердик ыкмаларды киргизүү боюнча адиси (макулдашуу боюнча). |
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 86-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ