Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-августу № 448-р
Таш-Көмүр көмүр кенин иштетүү процессинде пайда болгон кыртыштык-көмүр калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана экинчи жолу кайра иштетүү максатында, ферроэритиндини өндүрүүдө колдонуу үчүн "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республккасынын Мыйзамынын 7-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз-Корея инвестициялык-өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна заманбап жеткиликтүү технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын коргоо, өнөр-жай жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын "Түндүк Шахтасы" көмүр аймагында ферроэритиндилерди өндүрүүдө колдонуу максатында кыртыштык-көмүр калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатындагы ишти жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
2. Бул тескеменин 1-пункту "Кыргыз-Корея инвестициялык-өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын июнунун аягына чейинки мөөнөттө лицензия алган жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык макулдашууга кол койгон учурда колдонулат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |