Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-августу № 446-т
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 7 "Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибинин 12, 14-пункттарына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-6 буйругу менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна киргизилген сырткы башкаруу жол-жобосу белгиленген тартипте "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жалгыз аткаруу органы же болбосо коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси шайланган күндөн тартып токтотулсун (аяктасын).
2. "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому жана Болтурук Тенгиз Аяпберген уулу эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө корутунду отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому жана Болтурук Тенгиз Аяпберген уулу ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 133 тескемеси белгиленген тартипте "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жалгыз аткаруу органы же болбосо коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси шайланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
А.У. Жапаров |