Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-августу № 439-р
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан Республикасы тарабынан кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Торобаев Бакыт Эргешевичке жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан Республикасы тарабынан кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бир тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, экинчи тараптан Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Азербайжан Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - "Тараптар" деп аталуучу),
эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерден улам жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Макулдашуунун предмети
Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү максатында Азербайжан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин 6,0 млн. (алты миллион) АКШ доллары көлөмүндө каржылоону (мындан ары - Жардам) жүзөгө ашырат.
Тараптар тарабынан жетишилген макулдашууларга ылайык көрсөтүлүүчү жардам Кыргыз Тарап тарабынан өлкөнүн ичинде Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөдөгү учурдагы керектөөлөрүн каржылоого багытталат. Кыргыз Тарап Жардамдын сарпталышына контролду камсыз кылат.
2-берене. Каражаттарды которуу
Азербайжан Тарап 2022-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү банк реквизиттери аркылуу Кыргыз Тарап үчүн акча каражаттарын которот:
Бенефициар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
Бенефициардын дареги: Эркиндик бульвары, 58, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, 720040.
Азербайжан Тарап операция жүргүзүлгөндөн кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Тарапка каражаттардын которулгандыгы жөнүндө кабарлайт.
Кыргыз Тарап каражаттарды алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен Азербайжан Тараптын дарегине каражаттарды алгандыгы жөнүндө ырастоону жөнөтөт.
3-берене. Отчет берүү
Кыргыз Тарап 2022-жылдын 31-декабрына чейин берилген жардамды пайдалануу жөнүндө отчетту Азербайжан Тарапка берүүгө милдеттенет. Азербайжан Тарап зарыл болгон учурда, берилген отчеттун айрым жоболорун тактоо максатында аны алгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде Кыргыз Тарапка суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
4-берене. Форс-мажор
Тараптар ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул аткарбоо ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин Тараптар алдын ала көрө албаган же алдын ала албаган өзгөчө мүнөздөгү жагдайлардын натыйжасында келип чыккан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасы болуп калса.
Мындай жагдайлар болгон учурда, ар бир Тарап экинчи Тарапка алар жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз кабарлоого тийиш. Ушул Макулдашууну колдонуу жана ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү Тараптардын макулдугу менен аныкталган жана ушул Макулдашууга толуктоо түрүндө таризделген ал жеткис күчтүн жагдайлары колдонулган мезгилге жылдырылат.
5-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө таризделүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
6-берене. Пикир келишпестиктерди чечүү
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан бардык пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу чечилет.
7-берене. Корутунду жоболор
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган кайтарымсыз финансылык жардам толук өздөштүрүлгөнгө чейин күчүндө болот.
2022-жылдын "16" августунда Баку шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________________________ |
| __________________________________________ |