Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-авгусут № 427-р
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Грек Республикасынын Өкмөтү,
достук мамилелерин андан ары да өнүктүрүүнү каалап,
жарактуу дипломатиялык паспорттордун ээлерине карата визалык талаптардан баш тартуу жолу менен эки Тараптын кызмат адамдарынын иш сапарлары менен алмашууну илгерилетүүгө, жеңилдетүүгө жана кубаттоого умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Кыргыз Республикасы Грек Республикасынын жарактуу грек дипломатиялык паспорту бар жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, транзит, болуу жана чыгуу үчүн визалык талаптардан каалаган жүз сексен (180) күндүк мезгилдин ичинде токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотот.
2. Грек Республикасы Кыргыз Республикасынын жарактуу кыргыз дипломатиялык паспорту бар жарандарын Грек Республикасынын аймагына кирүү, транзит, болуу жана чыгуу үчүн визалык талаптардан жүз сексен (180) күндүк мезгилдин ичинде токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотот.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык визалык талаптардан бошотулган адамдар талаптан бошоткон Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат талап кылынган кандайдыр бир акы төлөнүүчү иш менен алектенбеши керек.
2-берене.
1. Бул Макулдашуу экинчи Тараптын аймагында жайгашкан өз Тарабынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине дайындалган жарактуу дипломатиялык паспортторунун ээлери болгон же экинчи Тараптын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардагы ошол Тараптын өкүлдөрү болуп саналган кайсы гана болбосун Тараптын жарандарын анын аймагына келгенге чейин кабыл алуучу мамлекет тарабынан аккредитациялоо үчүн виза алуу талабынан бошотпойт.
2. Бул Макулдашуу 1-пунктта аталган адамдардын алар менен чогуу жашаган жана жарактуу дипломатиялык паспорттун ээси болгон үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алуучу мамлекеттин аймагына келгенге чейин виза алуу талабынан бошотпойт.
3. Кабыл алуучу мамлекет 1 жана 2-пункттарда аталган визаларды өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык берет.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде аталган адамдар жүргөн мамлекеттин аймагына эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ачык болгон бардык чек ара өткөрүү пункттары аркылуу кирет, транзит менен өтөт жана чыгат.
4-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде аталган адамдардын жагымсыз же улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же саламаттык сактоого коркунуч туудурушу ыктымал деп эсептелген же анын аймагына кирүү жана жашоо үчүн колдонуудагы шарттарга ылайык келбеген адамдардын кирүүсүнө уруксат бербөө же өлкөдө болуусуна тыюу салуу укугуна таасирин тийгизбейт.
5-берене.
Бул Макулдашуу анын 1 жана 2-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагында болгон учурда анын мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
6-берене.
1. Тараптардын ар бири улуттук коопсуздук, коомдук тартип же саламаттык сактоо менен байланышкан себептер боюнча ушул Макулдашууну толугу менен же жарым-жартылай токтото алат.
2. Экинчи Тарап ушул Макулдашууну аткаруу токтотулуп тургандыгы жөнүндө мындай чара күчүнө киргенге чейин 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
3. Бул Макулдашуунун аткарылышын токтотуп туруу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде аталган, кабыл алуучу мамлекеттин аймагында жүргөн Тараптардын ар биринин адамдарынын укуктарына таасирин тийгизбейт.
4. Ушул Макулдашууну аткарууну токтотуп турган Тарап экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун аткарылышын токтотуп туруу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө мындай чара күчүнө киргенге чейин жетимиш эки (72) сааттан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
7-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган паспорттордун үлгүлөрү менен дипломатиялык каналдар аркылуу 9-беренеге ылайык тиешелүү ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бир Тарап экинчисине кабарлаган акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде алмашат.
2. Эгерде Тарап 1-беренеде көрсөтүлгөн паспортторго өзгөртүүлөрдү киргизсе, ал тез арада экинчи Тарапка ошол паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу жиберет. Тараптар Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) тарабынан сунушталган машина менен окулуучу биометрикалык жол жүрүү документтеринин стандарттарын колдонот.
3. Тараптар дипломатиялык паспортторду берүүгө тийиштүү улуттук мыйзамдарга киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирине дароо кабарлайт.
4. Дипломатиялык паспорт жоголгон, уурдалган же жараксыз деп таанылган учурда Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо билдирет.
8-берене.
Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан бардык пикир келишпестиктер Тараптар тарабынан дипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
9-берене.
1. Бул Макулдашуу Тараптар тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөрдүн бардыгы ушул берененин 1-абзацында каралган тартипте күчүнө кирет.
3. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Каалаган Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен аны каалаган убакта токтото алат. Колдонууну токтотуу экинчи Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып үч (3) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. 2022-жылдын "__" __________ ____________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, грек, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Грек Республикасынын Өкмөтү үчүн |
__________________________________ |
| __________________________________ |