Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 24-августу № 451-т
Калктуу конуштарда транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагындагы узундугу 12,79 км "Манас" эл аралык аэропорту - "Бишкек" эркин экономикалык аймагы - Ала-Арча суу сактагычы" ведомстволук автомобиль жолу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |