Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-августу № 447-т
Кара-Суу көмүр кени боюнча иштетүү процессинде пайда болгон кыртыштык-көмүр калдыгын экологиялык реабилитациялоо жана экинчи жолу кайра иштетүү максатында, ферроэритиндини өндүрүүдө колдонуу үчүн, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Тосой" тышкы экономикалык соода-өндүрүштүк фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагынын кыртыштык-көмүр калдыктарын заманбап жеткиликтүү технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын коргоо, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен экинчи жолу кайра иштетүү жаатында ишти жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
2. Бул тескеменин 1-пункту "Тосой" тышкы экономикалык соода-өндүрүштүк фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын июнунун аягына чейинки мөөнөттө лицензия алган жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык макулдашууга кол койгон шартта колдонулат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсун.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |