Загрузка документа…
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 445-т тескемеси менен бекитилген |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Ливан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - «Тараптар» деп аталуучу),
эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук байланыштарды көңүлгө алып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жарактуу дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлери болгон Ливан Республикасынын жарандарынын өз ара барууларын жеңилдетүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене
Бул Макулдашуунун колдонулушу паспорттордун төмөнкү түрлөрүнүн ээлерине жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун;
- Ливан Республикасынын жарандарынын дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспортторунун.
2- берене
1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн паспорттордун ээлери болуп саналган бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, андан чыгууга, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы боюнча транзит менен өтүүгө жана анын аймагында 90 күндөн ашык эмес визасыз 180 күндүн ичинде жүрүугө укуктуу.
2. Бир Тараптын мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемелеринде жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө иштөөгө дайындалган, ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн паспорттордун ээлери болуп саналган жана экинчи Тараптын мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алат, анын мамлекетинин аймагынан чыга алат жана ошол Тараптын мамлекетинин аймагында аккредитациялоонун бүткүл мөөнөтү ичинде визасыз жүрө алат. Аккредитациялоочу мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги алардын келгендиги тууралуу нота менен кыска мөөнөттүн ичинде кабарланылышы керек.
3. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар менен чогуу жашаган жана ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн паспорттордун ээлери болуп саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, жашы жете элек балдары, эмгекке жарамсыз жашы жеткен балдары) экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алат, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан чыга алат жана анын мамлекетинин аймагында ал адамдарды аккредитациялоонун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде ичинде визасыз жүрө алат.
3- берене
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн бир Тараптын мамлекетинин жарандары ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык эл аралык каттамдар үчүн ачык болгон чек ара өткөрүү пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирет жана анын мамлекетинин аймагынан чыгат.
4- берене
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тарапгын мамлекетинин аймагында жүргөн мезгилинде келген мамлекеттин мыйзамдарын жана эрежелерин сыйлоого жана сактоого милдеттүү.
5- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорунун бири да тиешелүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык бир Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын анын мамлекетинин аймагына кирүүдөн баш тартуу же анын мамлекетинин аймагында болуу мөөнөтүн башка Тараптын мамлекетинин ушул Макулдашуунун колдонулушуна туура келген кайсы болбосун жаранына чектөө укугун чектебейт.
6- берене
1. Тараптардын ар бири коомдук тартипти, улуттук коопсуздукту же жарандардын саламаттыгын сактоо максатында ушул Макулдашууну колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтото алат, бул жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим күчүнө киргенге чейин 7 күндөн кечиктирбестен маалымдайт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган Тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка мындай чечим кабыл алынган себептердин жоюлгандыгы жана ушул Макулдашууну колдонууну кайра баштоо жөнүндө токтоосуз билдирет.
7- берене
1. Тараптар бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча дипломатиялык, кызматтык же атайын паспорттордун үлгүлөрү, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби жөнүндө маалымат менен алмашышат.
2. Тараптар дипломатиялык, кызматтык же атайын паспортторго карата кандай болбосун өзгөрүүлөр жана аларды пайдалануу тартиби жөнүндө көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 күндөн кечиктирбестен бири-бирине маалымдайт, ошондой эле жаны дипломатиялык, кызматтык же атайын паспорттордун үлгүлөрү менен алмашат.
8- берене
1. Бир Тараптын мамлекетинин аймагында дипломатиялык, кызматтык же атайын паспорт жоголгон же бузулган учурда, анын ээси болгон экинчи Тараптын мамлекетинин жараны бул жөнүндө келген мамлекеттин компетенттүү органдарына өзүнүн жарандыгы бар мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу токтоосуз кабарлайт.
2. Жоголгон же бузулган дипломатиялык, кызматтык же атайын паспорттун ээси жараны болуп саналган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси ага жаңы дипломатиялык, кызматтык же атайын паспортту же өздүгүн күбөлөндүргөн жана жарандык мамлекетине кирүүгө (кайтып келүүгө) укук берген убактылуу документти берет жана бул жөнүндө келген мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет. Жаңы берилген документтер боюнча чыгып кетүү келген мамлекеттин компетенттүү органдарынын визасыз же башка уруксатысыз жүзөгө ашырылат.
9-берене
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер консультациялар же сүйлөшүү жолу менен чечилет.
10- берене
Ушул Макулдашууга Тараптардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 11-беренесинин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирет.
11- берене
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын ар бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Ушул Макулдашуу башка Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып 90 күн өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
2022-жылдын «__»______шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
_____________________ | Ливан Республикасынын Өкмөтү үчүн
_______________________ |