Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасы
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 1-сентябры № 581
Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасынын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин төмөнкү кызматкерлерине алкыш жарыялансын.
Калматов Данияр Алпайизовичке | - директордун орун басары | |
Медеркулова Бермет Мукеновнага | - финансылык-чарбалык бөлүмүнүн начальниги |
|
Чагырбеков Нурбек Айбековичке | - Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги |
|
Шералиев Чынгыз Шералиевичке | - эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын электрондук эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
|
Омурканова Анаркуль Жумадиловнага | - Ыссык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча пробация органынын башкы адиси. |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |