Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-июлу № 376-т
1. Расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- 2018-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ("Алуучу") жана KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") ортосундагы "Саламаттык сактоо боюнча V сектордук программасы (SWAp-V)" 10950000 (он миллион тогуз жүз элүү миң) евро суммасында каржылоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу келишимдин долбоору;
- 2019-жылдын 26-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ("Алуучу") жана KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") ортосундагы "Саламаттык сактоонун VI сектордук программасы" 9000000 (тогуз миллион) евро суммасында, "Саламаттык сактоонун VI сектордук программасы - коштоочу чаралар" 1000000 (бир миллион) евро суммасында каржылоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу келишимдин долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган келишимдердин долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |