Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-сентябры № 460-т
Республиканын региондорунда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле сот бийлигинин органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлерин жеке турак үйлөрдү куруу жолу менен кызматтык турак үйлөр менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары республиканын региондорунда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле сот бийлигинин органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин убактылуу жашоосу үчүн жеке типтүү кызматтык турак үйлөрдү (мындан ары - кызматтык турак үйлөр) долбоорлоого жана курууга тиешелүү аймакта 0,8 га жакын аянттагы жер участокторун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына акысыз негизде мөөнөтсүз пайдаланууга берсин.
2. Шаарлардын мэрлерине жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына республиканын региондорунда кызматтык турак үйлөрдү долбоорлоого жана куруу үчүн тиешелүү аймакта 0,8 га жакын аянттагы жер участокторун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына акысыз негизде мөөнөтсүз пайдаланууга белгиленген тартипте берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- жер участокторун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында каттоону жүргүзсүн;
- кызматтык турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы катары чыксын;
- кызматтык турак үйлөрдү куруу боюнча башкы подрядчы деп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын атынан чыккан заказчыга кызматтык турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди алууда белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |