Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-сентябры № 468-т
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен интеграцияланган жер пайдалануу" региондук программасынын алкагында сатып алынган, 2009-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № СВА672554, кузовунун № WVWZZZ3CZAE078725, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см3, ак түстөгү "Volkswagen Passat" ("Фольксваген Пассат") маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын баалоону жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |