Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 13-сентябры № 601
Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ротация жүргүзүлсүн:
- БЕКТАШОВ Талантбек Изатиллаевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басарынын кызмат ордуна;
- ОРОЗОВ Бактияр Сайпидинович ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басарынын кызмат ордуна.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |