Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 21-сентябры № 497-т
Иш-чараларды өз убагында даярдоо жана улуттук жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети ( мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Каменский Алексей Николаевич - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
Садыков Тургунбай - советтик жана кыргыз скульптор-монументалисти, СССРдин эл сүрөтчүсү;
Кадырмятова Дильбар Дехкановна - "Гапар Айтиев атындагы балдардын атайын көркөм сүрөт орто мектеби" мекемесинин директору;
Айтиев Сатар Гапарович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү, Гапар Айтиевдин уулу.