Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 20-сентябры № 496-т
Мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү, калкка мамлекеттик каттоо кызматтарын көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте:
- 2022-жылдын 3-октябрынан тартып 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- эки жумалык мөөнөттө электрондук форматта маалыматтар менен алмашуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыксын жана аны биргелешкен буйрук менен бекитсин;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү менен байланышкан тиешелүү уюштуруу-техникалык чараларын көрсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды туруктуу негизде берүү маселелерин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 3-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагындагы медициналык мекемелерде "Медициналык күбөлүк" автоматташтырылган маалымат системасын өз убагында ишке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда электрондук форматта маалыматтар менен алмашуу берилүүчү маалыматтардын тизмесине жана колдонулган технологияларга карабастан акысыз негизде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |