Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 21-сентябры № 498-т
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана жогорку улуттук деңгээлде өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Мураталиев Байымбет Молдалиевич - Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы Кыргыз-россиялык коомдук фондунун төрагасы;
Керимбеков Кубанычбек Мойнокович - Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун директору;
Джунусалиева Надира Джалалбековна - Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылындагы Советтер Союзунун Баатыры Ч.Түлөбердиев атындагы мемориалдык музейдин директору;
Ибраев Маркел Ибраевич - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы.